
Жарыяланган
2026-02-10, 11:13Бүгүн, 1-октябрда Кыргызстандын биринчи спутниги орбитага чыгарылды. Аталган спутник АКШнын Калифорния штатындагы Ванденберг аскердик-аба базасынан SpaceX компаниясынын Falcon 9 ракетасы менен учурулду. Спутникти учуруу аземине президент Садыр Жапаров катышты.

Бишкектеги Башкаруу борборунан башкарыла турган бул спутниктен алынган маалыматтар айыл чарба жерлерине, мөңгүлөргө, суу объекттерине, токойлорго жана жайыттарга мониторинг жүргүзүүгө, ошондой эле жаратылыш экосистемаларындагы өзгөрүүлөргө көз салууга мүмкүндүк берет.
"Спутниктен алынган маалыматтар жер казынасын мыйзамсыз пайдалануу фактыларын, уруксатсыз таштанды төгүүчү жайларды жана булгануунун башка булактарын аныктоо, ошондой эле логистикалык каттамдарды оптималдаштыруу үчүн колдонулат.
Спутниктик технологиялар жаратылыш коркунучтарына мониторинг жүргүзүү жана аларды эрте аныктоо үчүн өзгөчө мааниге ээ болот. Алынган маалыматтар кургакчылыктын, суу ташкындарынын, жер көчкүлөрдүн, селдердин жана токой өрттөрүнүн белгилерин ыкчам аныктоого мүмкүндүк берет. Бул өз убагында чара көрүү жана мүмкүн болуучу зыянды азайтуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, келечекте спутниктен алынган маалыматтар мамлекеттик санариптик системалар менен интеграцияланып, мейкиндик карталарын жана аналитикалык моделдерди түзүү үчүн колдонулат. Бул мамлекеттик чечимдерди кабыл алууда, инвестициялык пландаштырууда жана мамлекеттик программалардын аткарылышын көзөмөлдөөдө объективдүү маалыматтарды пайдаланууга мүмкүндүк берет.
Спутниктик маалыматтарды суперкомпьютердик технологиялардын мүмкүнчүлүктөрү менен айкалыштырып пайдалануу Кыргызстандын экономикалык жана жаратылыш ресурстарын кыйла так жана натыйжалуу башкаруу үчүн негиз түзөт.



