Akchabarsearch
Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 722.9 млрд сомду түздү

Жарыяланган

2025-06-10, 15:01

Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 722.9 млрд сомду түздү

Быйыл тогуз айда Кыргызстандын бюджетинин кирешеси 722.9 млрд сомду түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, аталган сумма пландан 23.8 млрд сомго көп. План 103,4 %га аткарылган.

Мамлекеттик салык кызматы дээрлик 212 млрд сом жыйнаган. Белгиленген план дээрлик 9.2 млрд сомго ашык аткарылган. Мамлекеттик бажы кызматы 102.14 млрд сом чогулткан. Ал пландан 2.41 млрд сомго көп. 


Тектеш материалды окуу