Akchabarsearch
Кыргызстандын этникалык курамы: өлкөдө 1 млн 61.8 миң өзбек жашайт

Жарыяланган

2026-11-05, 12:29

Кыргызстандын этникалык курамы: өлкөдө 1 млн 61.8 миң өзбек жашайт

2026-жылдын башына карата Кыргызстандын калкынын саны 7 млн 404.3 миңге жетти. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 122.5 миңге көп. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында көрсөтүлгөн.

Кыргыз улутундагы жарандардын саны 5 миллион 763 миңге жетип, жалпы калктын 77.8%ын түзөт.

Ал эми башка улуттардын арасында саны боюнча өзбектер биринчи орунда турат. Учурда өлкөдө 1 млн 61.8 миң өзбек жашайт, бул жалпы калктын 14.3%ына барабар. 

Ал эми орустардын саны 270.2 миң адамды түзүп, алардын үлүшү жалпы көрсөткүчтүн 3.7%ын түзөт. Мындан тышкары өлкөдө 71.9 миң дунган жана 64.9 миң тажик жана 172.5 миң башка улут өкүлдөрү жашайт. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, өлкөнүн этникалык курамынын түзүмү өткөн жылга салыштырмалуу дээрлик өзгөргөн жок.

 


Тектеш материалды окуу