
Жарыяланган
2026-04-09, 11:14Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин башка жарлыгы менен Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп Мэлис Мамадалиев дайындалды.
Эскерте кетсек, Аида Исмаилова элчилик кызматты 2022-жылдын февраль айынан бери аркалап келе жаткан.

Ал эми Мэлис Мамадалиев буга чейин Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык уюмдар департаментинин директору болуп иштеген.




