Akchabarsearch
Кыргызстанга дагы 10 миң электр унаа ташып келүүгө квота берилди

Жарыяланган

2026-12-08, 11:05

Кыргызстанга дагы 10 миң электр унаа ташып келүүгө квота берилди

Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңеши тарабынан Кыргызстанга дагы 10 миң электр унаа ташып келүүгө квота берилди. Бул чечим 20-августтан тарта күчүнө кирет. 

Белгилүү болгондой, быйыл Кыргызстан 15 электр унааны бажы төлөмү жок ташып келүүгө квота алган. Бирок ал июль айында эле түгөнгөн. 

Квота түгөнгөндөн кийин импорттолгон унаалар үчүн 15% бажы төлөмүн төлөө керек болгон. 

Эми квота берилгенден кийин дагы 10 миң электр унааны бажы төлөмүсүз ташып келүүгө мүмкүн болот. 

Квота менен ташылып келинген электр унааларды чет жакка чыгарып сатууга болбойт. Эгер анте турган болсо, жанагы 15% бажы төлөмүн төлөө керек болот. 


Тектеш материалды окуу