Akchabarsearch
    Кытайда иштеген кыргызстандыктар, Кыргызстанда эмгектенген кытайлыктар пенсияга чыгууга укук алат

    Жарыяланган

    2025-21-07, 10:50

    Кытайда иштеген кыргызстандыктар, Кыргызстанда эмгектенген кытайлыктар пенсияга чыгууга укук алат

    Кыргызстан менен Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо тууралуу макулдашуу ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. 

    Мыйзам 25-июлдан тарта күчүнө кирет. 

    Буга чейин Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдиргендей, аталган макулдашуу Кытайда иштеген Кыргызстандын жарандарына жана Кыргызстанда эмгектенген кытайлык атуулдарга пенсияга чыгууга укук берет. 

    Анын айтымында, Салык кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылы Кыргызстанда расмий иштеген Кытайдын жарандарынын саны 2112ди түзгөн. алар былтыр 322.8 млн сом камсыздандыруу төгүмүн төлөгөн. 

    Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, быйылкы жылдын 1-февралына карата Бээжин жана Гуанчжоу шаарларында 546 кыргызстандык консулдук каттоодо турган. Бирок Кытайда жүргөн Кыргызстандын жарандардын саны 2000ге жакын деп болжолдонууда. 


    Тектеш материалды окуу