Akchabarsearch
Өкмөт риелторлордун ишин көзөмөлгө алууну көздөп жатат

Жарыяланган

2026-12-06, 15:44

Өкмөт риелторлордун ишин көзөмөлгө алууну көздөп жатат

Кыргыз өкмөтү риелтордук менен алектенгендердин ишин көзөмөлгө алууну көздөп жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, азыр үй, жер сатууда, сатып алууда, батирди ижарага алууда (ж.б.) ортомчулук кылып иштегендердин арасында каттодон өтпөй, кесиптик даярдыгы жок эле риелтор болуп жүргөндөр көбөйдү. 

Ишин чала-була, шалаакылык менен кылгандардарды да жоопко тартуу боюнча иштиктүү механизмдер жок. Ошондуктан үй алган-саткан кардарлардын укугу жакшы корголбой калууда. 

Ошондой эле сатылып жаткан үй же батирдин жарнамаларында кишини адаштырган, туура эмес маалыматтар чыгарылат. 

Ага байланыштуу риелдордук иш тармагын жөнгө салуу үчүн бир нече өзгөртүү киргизилгени жатат. 

Сунушка ылайык, риелтор болом дегендер каттоодон өтүп, сертификат алышы керек болот. Кааласа барып эле иштей албайт. Кокус каттоосуз иштесе, жарандар 1 мин сом, юридикалык жактар 5 миң сомго айыпка жыгылат. 

Риелтордук иштин эрежелерин бузгандар жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 6 миң сом айып салынат. 

Риелтор болуп иштегендер жарнама берүүдө так эмес же кишилерди алдап-адаштырган маалыматтарды чыгарбаш керек болот. Болбосо айыпка жыгылат. 


Тектеш материалды окуу