Akchabarsearch
    Коопсуздук эрежелерин бузган компаниялардын курулуш иштери токтотулду

    Жарыяланган

    2025-21-05, 09:48

    Коопсуздук эрежелерин бузган компаниялардын курулуш иштери токтотулду

    Курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан бир катар курулуш объектилерине күтүүсүз текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

    Комиссия менен жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында бир катар курулуш компаниялардын объектилеринде коопсуздук талаптары одоно түрдө бузулганы аныкталды. Бул үчүн тиешелүү компанияларга айып пул салынып, курулуш иштери токтотулган. Мындан тышкары, уруксат кагаздарында мыйзам бузууларга жол берген айрым компаниялардын документтери комиссиялык кароого жөнөтүлгөн.

    Орунтаев мындай текшерүүлөр дайыма жүргүзүлүп турарын айткан.  


    Тектеш материалды окуу