Жарыяланган
2025-21-05, 13:58Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас шаарында борбордук сейил бактын курулушуна капсула салуу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сейил бак республикалык бюджеттин эсебинен салынууда. Ага 100 млн сомго жакын каражат бөлүнгөн. Анын 74,2 млн сому заманбап аттракциондорду сатып алууга жумшалат. Курулуш иштерин 2025-жылдын 31-августуна чейин бүткөрүү пландалууда.
Касымалиев Талас шаары 2025-жылы алгачкы жолу мамлекеттик бюджеттен ири каржылык колдоо алганын - президент Садыр Жапаров инфраструктураны өнүктүрүүгө, жолдорду оңдоого, аэропортту жаңылоого 1 млрд сом бөлүп бергенин белгилеген.
Капсула салуу иш-чарасынан кийин Касымалиев Таластын борбордук аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Ага жөө жүргүнчүлөр аллеясын куруу долбоору, шаардык жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маалымат берилди. 28,527 чакырым жолго жана 54 чакырым тротуарга асфальт төшөө иштери жүргүзүлүүдө.