Akchabarsearch
Кореяда иштеп келген 126 кыргызстандык бир жолку төлөмдөрүн алды

Жарыяланган

2026-24-07, 13:07

Кореяда иштеп келген 126 кыргызстандык бир жолку төлөмдөрүн алды

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеп, айлыгынан пенсиялык төгүмдөр кармалган Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөмдөрдү алышууда. Бул тууралуу Социалдык фонд билдирди. 

Бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан топтомо пенсиясын алуу үчүн 149 жаран кайрылган. Анын ичинен 126 жаранга акчасы берилген. Дагы 23 жаран чечимди күтүүдө.

Белгилей кетсек, аталган топтомо пенсия бир гана жолу төлөнүп берилит. Бир жолку төлөмдүн орточо суммасы 3 миң 789 долларды түзгөн. 


Тектеш материалды окуу