Akchabarsearch

    Жарыяланган

    2024-10-10, 09:18

    Кыргыз-өзбек чек арасындагы өткөрүү бекети убактылуу иштебейт

    Бүгүн, 10-октябрда саат 15:00дөн 18:00гө чейин "Бек-Абад-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунда адамдардын жана унаалардын өтүүсү токтотулат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

    Аталган өткөрүү пункту мамлекеттик чек аранын Жалал-Абад облусундагы кыргыз-өзбек тилкесинде жайгашкан.

    Убактылуу чектөө оңдоо-курулуш иштерине байланыштуу.


    Тектеш материалды окуу