Akchabarsearch
Курулушу баштала элек турак жайын жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды

Жарыяланган

2026-09-11, 15:31

Курулушу баштала элек турак жайын жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды

Бишкек шаарында курулушу баштала элек турак жайын жарнамалаган компания лицензиясынан ажыратылды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, "О2 Девелопмент" компаниясы "Армейская көчөсү 150/1" дарегинде “Бридж” турак жай комплексин курууну пландап жаткан. Ал жерде 17 кабаттуу үйлөрдү салуу каралган. 

Ошол эле учурда объект Мамлекеттик бирдиктүү курулуш реестринде катталган эмес. Ага кошо курулуш иштери баштала электе жана курулуштун “нөл цикли” аяктай электе эле аталган комплекстеги батирлер сатуу үчүн жарнамага чыгарылган.

Ага байланыштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаменти "О2 Девелопмент" компаниясынын уруксат берүүчү документтерин жокко чыгарып, лицензиясынан ажыраткан.

Белгилей кетсек, курулуш министри Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, курулуштун “нөл цикли” аяктаганга чейин турак жана турак эмес жайларды сатууга, ошондой эле курулуш объектилерин жарнамалоого тыюу салынган.


Тектеш материалды окуу