Жарыяланган
2025-23-06, 17:30Быйыл Кыргызстанда 32 бейтапкана жана медициналык объекттин курулуш жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Курулуш иштери республикалык бюджеттин жана башка каражаттардын эсебинен жүрүүдө. Жалпы 8.3 млрд сом каражат жумшалууда.
"Бул – Кыргызстандын жарандары үчүн медициналык жардамды сапаттуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн маанилүү салымдардын бири", - деп айтылат маалыматта.