Жарыяланган
2025-01-06, 13:17Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жүргөн чет элдиктер 10-июнга чейин документтерин тууралашы керек. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди.
Анын айтымында, учурда өлкөдө окууга же турист катары келген чет элдиктер курьер, тикмечи, бычмачы, курулушчу жана башка тармактарда иштеп жүрөт. Ошондой эле эмгек визасы менен келип, бирок мөөнөтүн узартпай калгандар бар. Аларга мамлекет 10-июнга чейин эч кандай жазасыз жана айып пул төлөбөстөн, документтерин тууралап алууга мүмкүнчүлүк берүүдө.
Ал үчүн аталган чет өлкөлүктөр Ички иштер министрлигинин бөлүмдөрүнүн бирине кайрылып, Кыргызстанда кылмыш кылбаганы тууралуу маалымкат алышы керек. Бул маалымкат менен Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментине кайрылып, визаларын тууралап алса болот. Электрондук визаны www.evisa.e-gov.kg. сайты аркылуу алууга болот.
Ошондой эле өлкөгө келген бардык чет өлкөлүк жарандар жүрүү режимине ылайык тийиштүү документ тариздөөсү зарыл (каттоо, виза ж.б.).
Министр ишкерлерге кайрылып, чет элдиктерди жумушка алып жатканда, алардын документтерине көңүл бурууга чакырды.
"Он киши же жүз киши иштетесиңерби айырмасы жок. Мурдагыдай бир мекемеде жумушчулардын жыйырма пайызы гана чет элдик болушу керек деген талап жок. Азыр жумушчуларыңар толук чет өлкө жарандары болсо да чектөө жок. Башкысы чет элдик жумушчулардын Кыргызстанда жүрүүсү мыйзамдуу болушу керек", - дейт ал.
Ниязбеков билдиргендей, 10-июндан кийин рейддер жүрөт. Мыйзамсыз жүргөн чет элдиктер өлкөдөн чыгарылат.
Толугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлерине кайрылууга болот:
• Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: 0999 312 002 (24/7), 0312 66 30 70, 0703 42 88 65;
• Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги: 0312 66 39 64, 0509 99 97 79;
• Ички иштер министрлиги: 0312 26 61 70, 0702 82 80 28, 0700 84 84 40;
• «Кызмат» МИ (каттоо боюнча суроолор): 0312 38 00 98, 0999 38 00 25, 119.