
Жарыяланган
2026-29-01, 13:08Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Темирлан Айтиев жер алуу үчүн кезекте турган жарандардын маселесин көтөрдү.
Ал жарандарды үй куруу үчүн жер тилке менен камсыздоо маселеси мурдатан орчундуу маселе болуп келе жатканын белгиледи. Бул маселени чечүү үчүн Жер кодексине атайын берене киргизилип, анда ар бир жаран өз өмүрүндө турак жай куруу үчүн бир жолу жер тилке алууга укуктуу деп каралган. Ал мыйзамдын негизинде 2005-жылы “Жеке менчик үй куруу үчүн жер тилке берүүнүн тартиби” боюнча жобо да бекитилген.
“Бирок бүгүнкү күнгө карата саналуу гана аймакта ошол жобо ишке ашырылды” , - дейт ал.
Айтиев билдиргендей, жери жок жарандар шылуундарга алданып, айыл чарба багытындагы жерлерди арзан деп сатып алып, мыйзамсыз үй курууга аргасыз болду. Алардын жер маселеси президент мунапыс жарыялагандан кийин чечиле баштады.
Анын айтымында, учурда Кыргызстанда жер алуу үчүн жүз миңдеген жаран кезекте турат. Чүйдүн Аламүдүн районунда эле 17 миңге жакын киши кезек күтүүдө.
Депутат айыл чарба багытындагы жерлерди трансформация кылып, кезек күткөн жарандарга берүүнү сунуштады.
Ал билдиргендей, Аламүдүн районунда 3 аймакта трансформация болгон 120 гектар жер президенттин иш башкармалыгынын балансына өткөрүлүп, Мамлекеттик ипотекалык компания өз курулуштарын жүргүзүүдө. Бирок ошол аймакта жашап, жер алууга кезекте турган жаран ал жерден батир алам десе, аларга эч кандай жеңилдик жок.
“Жер алууга кезекте турган жарандарга эч кандай артыкчылык жок, эч кандай жеңилдик жок. Болгону 20%га чейин кезекке квота берилет экен. 1000 батир салынса, 200 батирге квота берилет. Төлөм акысы Мамлекеттик ипотекалык компаниянын шарттары менен сөзсүз төлөнөт. Жер алууга кезек күткөн жарандар МИКтин шарттары менен үй алууга аргасыз болуп турат”, - деди ал.
Ошол эле учурда депутат Бишкек менен Ошто салынган батирлердин 15-20%ы муниципалитетке берилерин, кийин аларды муктаж жарандар аларын айтты.
“МИК Бишкек менен Ошто үй салса, муниципалитет өз талабын коюп, батирлердин 15-20%ын өз балансына алат экен. Аны кезекте турган, муктаж, кезексиз үй алууга укуктуу жарандарга бөлүштүрүп берет. Эмне себептен айыл жергесинде андай шарттар түзүлгөн жок. Бул – адилетсиздик, калыссыздык”, - дейт ал.
Ал президенттин иш башкармалыгы менен МИКтин жетекчилигине кайрылып, шаарда жана айылда турган жарандарга бирдей шарттарды түзүүнү өтүндү.


