
Жарыяланган
2025-24-11, 09:53Жакында Бишкекте Мамлекеттик ипотекалык компания салдырып жаткан “Мурас” турак жай комплексинде дагы 1080 батир ээлерине тапшырылат. Бул тууралуу аталган компания билдирди.
Маалым болгондой, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев аталган комплекстеги курулуш иштерин текшерип барган. Ал батирлерди көрүп чыгып, үйлөрдү салып жаткан жалданма компанияга сапатка көңүл бурууну тапшырган.
Анын айтымында, буга чейин “Мурас” комплексинде 986 батир ээлерине тапшырылды. Жакынкы арада дагы 1080 батир үй ээлерине берилет. Ал эми келерки жылдын аягына чейин бул комплексттеги калган 2700дөй батир бүткөрүлүп, ээлери үйүнө көчүп кирет.
“Мурас” турак жай комплексинде жалпы 4754 батир болот.



