
Жарыяланган
2026-07-09, 15:01Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички карыз) 2026-жылдын 31-июлуна карата 10 млрд 156.7 млн долларды түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында көрсөтүлгөн.
Бул бересесинин ичинен 5 млрд 193.8 млн доллар тышкы карыз болсо, калган 4 млрд 962.9 млн доллары ички карыз.
30-июнга карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 10 млрд 97.9 млн долларды түзүп турган. Бир айда бересе 58.8 млн долларга көбөйгөн.
Ошол эле учурда тышкы карыз бир айда 21.3 млн долларга азайган: ал июндун аягында 5 млрд 215.1 млн доллар болсо, 31-июлда 5 млрд 193.8 млн долларды түзгөн.
Ал эми ички карыз бир айда 80.2 млн долларга өскөн: ал 30-июнга карата 4 млрд 882.7 млн доллар болсо, 31-июлда 4 млрд 962.9 млн долларга жеткен.



