
Жарыяланган
2026-15-10, 11:312026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 64 млрд 849.5 сом сарпталды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалыматында айтылат.
Аталган сумманын ичинен 34 млрд 693.6 млн сом тышкы карызды, 30 млрд 155.9 млн сом ички карызды кайтарууга кеткен .
Белгилей кетсек, 31-августка карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 905 млрд 958.9 млн сомду түзгөн.




