Akchabarsearch
    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 21,2 млрд сомго чейин жеткирет

    Жарыяланган

    2025-01-07, 14:40

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 21,2 млрд сомго чейин жеткирет

    Мамлекеттик өнүктүрүү банкы уставдык капиталын 21,2 млрд сомго чейин жеткирет. Мындай чечим 26-июнда банктын акционерлеринин жалпы жыйынында кабыл алынды. 

    Кыргыз фондулук биржасында айтылгандай, банк 1.5 млн жөнөкөй энчилүү акция чыгарат. Анын ар биринин баасы 1 миң сомдон болот. Натыйжада банк 1,5 млрд сом тартат.

    Азыр банктын уставдык капиталы 19 млрд 700 млн сом болсо, акцияларды чыгаргандан кийин ал 21 млрд 200 млн сомго жетет. 


    Тектеш материалды окуу