Akchabarsearch
    "Манас" аэропортунун FRU коду 9-августтан тарта жаңысына алмашат

    Жарыяланган

    2025-19-05, 09:28

    "Манас" аэропортунун FRU коду 9-августтан тарта жаңысына алмашат

    "Манас" эл аралык аэропортунун үч тамгадан FRU коду 9-августтан тарта жаңы BSZ кодуна алмашат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги билдирди.  

    Бул чечим Эл аралык аба транспорту ассоциациясынын (IATA) коддорду өзгөртүү тартибин жөнгө салган 763-резолюциясынын жоболоруна ылайык кабыл алынган.

    "IATA коду дүйнө жүзү боюнча аэропортторду өзүнчө идентификациялоо үчүн колдонулат. Коддун алмашуусу авиация тармагындагы бардык катышуучулардан техникалык жана уюштуруучулук даярдыктарды талап кылат", - деп айтылат маалыматта. 

    9-августка чейин Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги жана "Манас" аэропорту эл аралык өнөктөштөрү менен биргеликте жаңы BSZ кодун колдонууга өтүүнү камсыз кылуу үчүн тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат. 

    Эскерте кетсек, "Манас" аэропортуна FRU деген код Совет мезгилинде борбор калаа Фрунзе деп аталып турганда берилген. Өлкө эгемендик алгандан кийин борбор калаанын аты өзгөртүлүп, бирок аэропорттун коду ошол бойдон калып келген. 


    Тектеш материалды окуу