Akchabarsearch
Манас шаарында металл конструкцияларын өндүргөн завод ачылды

Жарыяланган

2026-05-11, 14:30

Манас шаарында металл конструкцияларын өндүргөн завод ачылды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында металл конструкцияларын өндүрүүчү «Металлстрой» заводунун ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып Касымалиев өлкөдө курулуш тармагы жогорку ыргак менен өнүгүп жатканын, бул өз кезегинде курулуш материалдарына жана металл конструкцияларына болгон суроо-талапты күчөтүп жатканын белгилеген.

«Мындай ишканалар импортко көз карандылыкты азайтып, өлкө ичинде кошумча нарк түзүүгө өбөлгө болот», – деди Касымалиев.

Заводго 2.5 млн доллар жеке инвестиция жумшалган. Биринчи жылы анда 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Ишканада 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заводдо лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү заманбап жабдуулар орнотулган.

Касымалиев «Металлстрой» заводу Манас шаарынын жана өлкөнүн курулуш тармагын жергиликтүү продукция менен камсыздоодо маанилүү роль ойной турганына, алдыда өндүрүштү кеңейтип, экспортту көбөйтүүгө салым кошооруна ишеним билдирген.


Тектеш материалды окуу