Akchabarsearch
Манас шаарынын борборундагы базарлардын баары бир жерге көчүрүлөт

Жарыяланган

2026-17-11, 12:39

Манас шаарынын борборундагы базарлардын баары бир жерге көчүрүлөт

Декабрь айынын ортосунан тарта Манас шаарынын борборундагы базарлардын баары курулуп жаткан жаңы муниципалдык базарга көчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата жаңы базардын курулуш иштери 95 пайызга актады. Анын аянты 20 гектардан ашат.

Ал базардагы орундар сатылбайт, алар учурда эски базарларда иштеп жаткан соодагерлерге гана бөлүнүп берилет. Орундар шаардык кеңештин депутаттарынан, укук коргоо органдарынын жана тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрүнөн турган атайын комиссия бөлүштүрөт. Азыр тизмени тактоо иштери жүрүүдө.

Возможно, это изображение склад лесоматериалов и текст

Жаңы базарга борбордук базардын, «Береке», «Нооруз», «Адилет», «Шабдалызар» жана «Мадумар-Ата» базарларынын соодагерлери көчүрүлөт. 

Мындан тышкары Курманбек көчөсүндө жайгашкан муниципалдык базар алгач ачылганда соода жайлары берилип, бирок кийин базардын иш багыты өзгөргөндүктөн соода орундарынан ажыраган 700дөй ишкерге да жаңы базардан орун берүү каралган.

Базардын аймагында соода түйүндөрүнөн тышкары, тамактануучу жайлар, 14 банктын бөлүмдөрү, унаа жуучу жана акча алмаштыруучу жайлар, ошондой эле башка тейлөө кызматтары иштейт.

Базардын аймагына жана имаратынын ичине 1500 коопсуздук камерасы орнотулган. Ал эми кардарлар жана соодагерлер үчүн 2500 автоунаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай курулган.


Тектеш материалды окуу