Akchabarsearch
    Эми эвакуацияланган унаалар тууралуу «Менин шаарым» тиркемесинен билсе болот

    Жарыяланган

    2025-21-05, 09:00

    Эми эвакуацияланган унаалар тууралуу «Менин шаарым» тиркемесинен билсе болот

    «Менин шаарым» мобилдик тиркемесинде эвакуацияланган унаа тууралуу маалымат көрсөтүлө баштады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

    Эвакуация болгон унаа кайсы жерге алынып кеткенин көрүү үчүн тиркеменин «Кызматтар» бөлүмүндөгү «Эвакуатор» деген жерине унаанын мамлекеттик номерин жазуу керек. Эгер унаа эвакуацияланган болсо, тиркеме анын кайсы жерде экенин картадан көрсөтүп, токтотулган айып короонун дарегин берет.

    Жаңы функцияны колдонуу үчүн «Менин шаарым» тиркемесинин акыркы версиясын жүктөп алуу зарыл.


    Тектеш материалды окуу