Akchabarsearch
Мэрия "Олд Бишкек" соода жайынын ишин токтотту

Жарыяланган

2026-15-07, 11:32

Мэрия "Олд Бишкек" соода жайынын ишин токтотту

Бишкек шаарынын мэриясы "Олд Бишкек" соода жайынын ишин токтотту.

Шаар бийлигинин билдиргени боюнча, аталган соода жай өз билемдик менен иштеп келген. Буга чейин жер алдындагы өтмөк техникалык режимде ачылганына карабай, объект расмий түрдө пайдаланууга берилген эмес. Анын аймагындагы соода түйүндөр өз билемдик менен иштеп келген. 

1-июлда ижарачыларга мыйзам бузууларды четтетүү боюнча 122 билдирүү тапшырылып, кемчиликтерди жоюуга эки жума убакыт берилген.

Мэр Айбек Жунушалиевдин айтымында, алар "Олд Бишкек" долбоорун ишке ашырууга колдоо көрсөткөнү менен аны салгандар өз милдеттенмелерин аткарган эмес.

Мэр соода түйүндөрүн мөөр басып жабууну тапшырып, алар "Олд Бишкектин" ээлери өз милдеттенмелерин аткарып, соода жайын расмий ишке бергенден кийин ачыларын билдирди. 


Тектеш материалды окуу