Akchabarsearch
Мыйзам долбоору: Жарандар айлыгынан азыраак салык төлөп, өзүндө көбүрөөк акча калтыра алат

Жарыяланган

2026-18-06, 10:12

Мыйзам долбоору: Жарандар айлыгынан азыраак салык төлөп, өзүндө көбүрөөк акча калтыра алат

Кыргызстанда жарандар айлык акысынан азыраак салык төлөй башташы мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору парламент депутаты Мирлан Жээнчороев жана төрага Марлен Маматалиев тарабынан даярдалып, коомдук талкууга чыгарылды. 

Мыйзам долбоорунун демилгечилери жарандардын айлыгынын киреше салыгы алынбай турган бөлүгүн көбөйтүүнү сунуштап жатат. 

Азыр Кыргызстанда жарандардын айлыгынан 10% киреше салыгы алынат. Ошол эле учурда айлыктын салык алынбай турган бөлүгү бар: бири жеке эсептен чыгаруу – 650 сом, багуусундагы ар бир адам үчүн эсептен чыгаруу – 100 сомдон. 

Маселен бир адам 50 миң сом айлык алып, үйүндө аялы иштебейт (үй кожойкеси) жана үч баласы (багуусунда жалпы төрт адам) бар дейли. Азыркы мыйзам боюнча киреше салыгы мындай эсептелет: (50 000 – 650 – 400) = 48 950 /10 = 4 895 сом киреше салыгы төлөнөт. Мындайча айтканда ал 50 миң же 48 миң 950 сомдон салык төлөйбү, ортодогу айырма 105 эле сом болууда. Ал 105 сом жарандын чөнтөгүндө калса байып кетпейт, салыкка берип койсо, кедей болуп калбайт: ага анча деле таасир этпейт, чоң нерсе деле сатып ала албайт.  

Эми Мирлан Жээнчоров менен Марлен Маматалиев жанагы жеке эсептен чыгаруу деген 650 сомду – 10 миң сом, ал эми багуудагы адам үчүн эсептен чыгарууну 100 сом эмес – 5 миң сом кылууну сунуштап жатат.  Бул 10 миң жана 5 миң сом айлыктын салык алынбай турган болүгү болот. 

Ошондо 50 миң сом алган жанагы киши азыркыдай 4 миң 950 сом эмес, айына 2 миң сом салык төлөп калат: (50 000 – 10 000 – 20 000) = 20 000 / 10 = 2 000 сом. 

Мындайча айтканда ал азыркыга караганда дээрлик 3 миң сомго азыраак салык төлөп, ал акчаны өзүнүн же үй-бүлөсүнүн кем-карчына жумшай алат.  

Мыйзам долбоорунун демилгечилери салыктык жеңилдик берүүдөн бюджетке ири өлчөмдөгү акча түшпөй калса да, жарандар акчаны өз кем-карчына жумшай тургандыктан, ал акча кыйыр салык түрүндө кайра эле бюджетке түшөт деген пикирде. 
 


Тектеш материалды окуу