
Жарыяланган
2026-12-01, 16:54Жол эрежесин бузуп, жол тескөөчүсүнө кармалган айдоочулардан жеринен сынак алуу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке келип түштү.
Бул мыйзам долбоору айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү жана жол кырсыктарынын санын азайтуу үчүн иштелип чыккан. Себеби Кыргызстанда жол кырсыктарынын саны жыл сайын өсүүдө. 2024-жылы өлкөдө 7 миң 102 жол кырсык болуп, 743 киши көз жумган, 10 миң 479 адам ар кандай жаракат алган. Ал эми 2025-жылдын 11 айында болсо, 7 миң 790 кырсык болуп, 795 адам каза тапкан, 11 миң 120 киши жаракат алган.
Мыйзам долбооруна ылайык, жол тескөөчү каалаган айдоочуну токтотуп алып эле сынак ала бербейт. Ал жол эрежесин бузган айдоочуну гана токтотуп, сынак ала алат. Видеокамераларга же сүрөткө түшүп калган учурларда айдоочу эч кандай сынак тапшырбайт. Эгер айдоочу жол эреже бузганы менен макул болбосо, сотко кайрыла алат. Бул маселе мыйзамда белгиленген тартипте чечилет.
Айдоочу жол эрежесин бузуп кармалганда, ага суроону МАИчи өзү бербейт. Жол тескөөчү протоколду толтургандан кийин анын планшетинде шилтеме иштелип чыгат. Айдоочу ошол шилтеме менен өтүп, сынак тапшырат. Ал суроолор Унааларды каттоо боюнча борбор тарабынан түзүлөт.
Айдоочуга 6 суроо берилет. Ал кеминде төртөөнө туура жооп берсе, сынактан өткөн болот. Эгер жооп бере албай калса, ал маалымат автоматтык түрдө базага түшөт. Андан кийин МАИчи айдоочунун күбөлүгүн алып, аны квалификациялык сынакты тапшырууга жөнөтөт. Айдоочу жол эреже бузуу тууралуу электрондук же кагаз түрүндөгү токтомду алгандан кийин сынакты 60 күндүн ичинде тапшырышы керек. Болбосо ал сынакты тапшырганга чейин мамлекеттик органдын чечими менен анын айдоочулук күбөлүгүнүн күчү убактылуу токтотулушу мүмкүн.
Сынакты тапшыруу тартиби өкмөт тарабынан иштелип чыгат.
Айдоочу тест тапшырууга негиз боло турган жол эреже бузуулар:
Укук бузуулар кодексинин 182-беренесинин 1 жана 4-бөлүгү (эксплуатациялоого тыюу салынган, бузугу бар унааны айдоо, унааны мамлекеттик номери жок же номерди жашырып айдоо);
185-берене (жол тескөөчүнүн унааны токтотуу тууралуу талабын аткарбоо);
187-берененин 3 жана 4-бөлүгү (белгиленген ылдамдыктан 40 жана 60 чакырымга көп ашырып айдоо);
188-берененин 3, 4 жана 5-бөлүгү (кызыл жол чыракка же жол тескөөчүнүн тыюу салган белгисине карабай жолдон өтүп кетүү, тротуар менен айдоо, унаага катуу үн чыгарган жабдык орнотуу, атайын жарык жана үн чыгарган жабдыктарын күйгүзүп бараткан унааларга (тез жардам, өрт өчүрүүчүлөрдүн унаасы ж.б.) жол бербөө, карама-каршы тилкеге чыгуу менен унааны озуп өтүү же маневр эрежелерин бузуу);
189-берененин 1-бөлүгү (автоээнбаштык);
192-берененин 2 жана 3-бөлүгү (жол эрежесин бузуп, унаа менен кагылышса, адамды сүзүп кетсе (кылмыш жообуна тартууга негиздер жок болсо);
194-берене (уруксаты жок унаага кошумча жабдыктарды орнотуу, сүрөттөрдү, жазууларды ж.б. чаптоо, уруксатсыз айнекти караңгылатуу);
195-берене (бензин, дизель өңдүү кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин бузуу).
Аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин дароо эле иштеп баштабайт. Кошумча жобо-токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек болот.



