Akchabarsearch
Мыйзамдаштырылган унааны ээси эмес, башка адам айдаса, ага айып салынат

Жарыяланган

2025-11-09, 16:25

Мыйзамдаштырылган унааны ээси эмес, башка адам айдаса, ага айып салынат

Чет элдик номерлүү унаа мыйзамдаштырылгандан кийин темир тулпарды ээсинен башка адам айдаса, ага айып салынат. Бул тууралуу ЖКККББнын Транспорт ишмердигин лицензиялоо жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев "Биринчи радионун" эфиринде билдирди.

Анын айтымында, чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу 1-октябрга гана чейин жүрүп, андан кийин анын мөөнөтү узартылбайт. 1-октябрдан тарта алар мыйзамдаштырылбаган чет элдик номерлүү унааларды аныктоо үчүн рейд уюштурат. Мыйзамдаштырылбаган унаалар айып короого коюлат. 

Чет элдик номерлүү унаасын мыйзамдаштырууну каалабаган жарандар аны өлкөдөн чыгарып кетиши керек, болбосо тетиктерге бөлүп сата алат.

Ал белгилегендей, мыйзамдаштырылган унаа кимдин атына катталса, аны ошол адам гана айдай алат. Кокус унааны башка адам айдап жүргөнү аныкталса, ага 1 миң сом айып салынат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматынын башчысы Байгазы Айтикул уулу "Акчабарга" билдиргендей, мыйзамдаштырылган унааны башка адам айдап жүргөнү үчүн айыппул темир тулпарды башкарган адамга гана каралган. Унаанын ээсине айыппул каралган эмес. 

Эскерте кетсек, чет элдик номер тагылган унааларды мыйзамдаштыруу 1-апрелде башталган, ал 1-октябрга чейин уланат. 9-сентябрга карата өлкөдө 9635 унаа мыйзамдаштырылды. Алардын ээлери бюджетке 653.9 млн сом төлөдү. 


Тектеш материалды окуу