
Жарыяланган
2026-17-11, 11:10Эт багытындагы абердин-ангус уйлары фермерлерге 50-100 миң сомго арзан алып келинип берилүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында айыл чарба министринин орун басары Мирбек Дүйшеев билдирди.
Дүйшеевдин айтымында, фермерлер АБанк же Элдик Банктан насыя алып, абердин-ангус уйларын министрликтин "Кыргыз Агрохолдинг" компаниясы аркылуу алдырта алышат. Насыяны 3% менен алууга болот. Фермерлерге жашы бир жылдан өйдө мал алып келинет.
"Мисалы сырттан келип жаткан абердин-ангустун баасы 300-350 миң сомдун тегерегинде болсо, биздикинин баасы 250 миң сомдон өйдө болууда", - дейт Дүйшеев.
Дүйшеев билдиргендей, алар аталган уйларды алдын ала алып келип, өзүлөрүнүн короосунда кармашат. Алар сатып алынып кеткен сайын санын толуктап турушат. Азыр короосунда эт багытындагы 60 асыл тукум уй бар.
Буга чейин Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, абердин-ангус асыл тукум уйларын сатып алгысы фермелерге АБанк же Элдик Банк тарабынан 3% менен жеңилдетилген насыя берилет.
Насыя 5 жылга чейин, 12 ай жеңилдетилген мөөнөт менен берилет. 500 миң сомго чейин күрөөсүз, ал эми 500 миң сомдон 20 млн сомго чейин күрөө менен насыя алууга болот.
Насыяны алуу үчүн сөзсүз асыл тукум чарба статусу керек эмес. Фермерде малды бакканга тиешелүү шарттары болушу керек.
Бардык башка суроолор боюнча 1210 кыска номерине байланышып, толук маалымат алууга болот.



