
Жарыяланган
2026-07-09, 14:17Эми Кыргызстандан Кытайга малина, карагат жана бүлдүркөндү экспорттого болот. Эки өлкө тиешелүү протоколго жакында эле кол койду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик Кытайга же жалпы эле чет жакка малина, карагат же бүлдүркөн сатам деген дыйкандар үчүн бул мөмө-жемиштердин экспортко ылайыктуу түрлөрүн өстүрүүнү сунуштайт.
Алардын катарында малинанын Энросадира (Enrosadira), Шехиба (Shehiba), Полонез (Polonez), бүлдүркөндүн Лох-Несс (Loch Ness), Натчез (Natchez), карагаттын Алтын түстүү карагат (Золотистая смородина), Тибен (Tiben), Тизел (Tisel) деген түрлөрү бар.
Бул сорттор жылына бир нече жолу гүлдөп, бир нече жолу түшүм берет, алыскы аралыкка ташууга ылайыктуу, көпкө чейин өзүнүн товардык түрүн, сапатын жана даамын жоготпойт.
Аталган мөмө-жемиштердин түрлөрү тууралуу кененирээк маалымат алгысы келгендер кеңеш алуу үчүн башкы агроном Нурубек Малабаевге кайрыла алышат: +996 559 220 381



