Жарыяланган
2026-09-09, 09:30Кыргызстанда мугалимдерди өз ишинен башка жумуш жасаткандарды айыпка жыгуу сунушталууда. Тиешелүү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев даярдап, документ коомдук талкууга чыгарылды.
Депутат мектеп мугалимдерин, бала бакчадагы тарбиячыларды, жалпы эле педагогдорду класстарды сырдатып, оңдоо иштерин жасаткан, ишембиликке чыгарып, көчө тазалаткан же башка мугалимдин милдети болбогон ишти жасаткан кишилерге 7.5 миң сом, юридикалык жактарга 23 миң сом айып салууну сунуштап жатат.
Ошондой эле мугалим ишембиликке барбай койсо, оңдоо иштерине келбей койсо, аны жумуштан кетирип, сый акысынан ажыраткан адамдарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып салуу сунушталууда.
Ошол эле учурда мыйзамда жол берилген учурларда гана педагогдор башка иштерге тартылышы мүмкүн.



