Жарыяланган
2025-14-02, 12:55“Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэробекет комплекси курулат. Курулушка президент Садыр Жапаров бүгүн, 14-февралда капсула салганын мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Эки кабаттуу аэробекет жер төлөсү менен курулат жана өткөрүү мүмкүнчүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт.
Мындан тышкары, кенен зал, заманбап каттоо жайлары, фуд-корт, эс алуу зоналары жана автоматташтырылган 650 орундуу унаа токтотуучу жайы болот.