Akchabarsearch
Нарындагы бүтпөгөн жол. Министрдин орун басары менен  «Бета Групптун» директору кармалды

Жарыяланган

2025-01-09, 10:12

Нарындагы бүтпөгөн жол. Министрдин орун басары менен «Бета Групптун» директору кармалды

Транспорт министринин биринчи орун басары Т.С. (Талантбек Солтобаев) жана «Бета Групп» компаниясынын аткаруучу директору М.А. (Мирлан Амантуров) кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Кармалгандар Нарын шаарындагы Шералиев жана Ленин көчөлөрүн оңдоо иштеринде мыйзамсыз иштерди жасаган деп шектелүүдө. 

Бул факты боюнча Кылмыш кодексинин 337-беренеси (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иш козголгон.

Шектүүлөр Ат-Башы райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. 

Учурда аталган фактыга катыша бар адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө. 

Эскерте кетсек, «Бета Групп» компаниясы Нарындагы жолдорду оңдоп, анын жасалышы элдин нааразычылыгын туудурган. Тургундар жол сапатсыз салынып жатканын айтып, көрсөтүшкөн.  


Тектеш материалды окуу