Жарыяланган
2024-29-08, 12:33Нарын облусунда ири бетон заводунун курулушу уланууда. Президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагындагы таш майдалоочу ишкана 20-сентябрда ишке кирет.
Ал эми бетон өндүрүүчү заводдун өзүн октябрь айынын аягында ишке берүү пландалып жатат. Анын кубаттуулугу саатына 70-80 кубометр бетон аралашмасын түзөт.
Завод Нарын шаарынын бардык курулуштарын сырье менен камсыздайт деп күтүлүүдө.