Akchabarsearch
Улуттук банк сомго карата дагы үч өлкөнүн валютасынын курсун жарыялап турат
Сүрөт алынган жер: www

Жарыяланган

2026-12-06, 14:11

Улуттук банк сомго карата дагы үч өлкөнүн валютасынын курсун жарыялап турат

Улуттук банк кыргыз сомуна карата расмий курсу көрсөтүлүп тура турган чет элдик валюталардын тизмесин толуктады. 

Эми жумасына бир жолу сомго карата курсу көрсөтүлө турган акчалардын катарына бахрейн динары, вьетнам донгу жана таиланддык бат кошулду. Бул өзгөртүү 15-июнда күчүнө кирет. 

Азыр улуттук банк доллар, евро, рубль жана теңгенин расмий курсун күн сайын жарыялап турат. Дагы 39 валютаныкы жумасына бир жолу чыгарылып турат. 


Тектеш материалды окуу