
Жарыяланган
2025-28-01, 10:15Улуттук банк эсептик ченди 9% деңгээлинде калтырды. Чечим 28-январдан тарта күчүнө кирет.
Өлкөдө инфляция максаттуу маанилердин (5-7%) чегинде калууда. 2024-жылдын декабрында ал 6,3%, ал эми 2025-жылдын январь айынын орто ченинде – 6% түзгөн. Кыргызстандын экономикасы 2024-жылы 9% өстү, өсүштүн негизги кыймылдаткычтары кызмат көрсөтүү тармагы жана курулуш болду. Оң таасир калктын кирешелеринин, акча которуулардын жана керектөө кредиттеринин өсүшү менен камсыз кылынат.
Акча-кредит саясаты акча жана валюта рыногунда туруктуулукту камсыз кылат. Тышкы экономикалык конъюнктуранын белгисиздигине карабастан, Улуттук банк баалардын туруктуулугун сактоону улантууда жана зарыл болгон учурда өзүнүн саясатын кайра карап чыгууга даяр.


