Жарыяланган
2025-14-03, 11:06Улуттук банктын Төлөм системасы комитети “Грин Телеком Сервис” компаниясынын банк операцияларын өзгөчө жөнгө салуу режиминде жүргүзүүгө лицензиясын узартты.
2025-жылдын 13-мартындагы токтомго ылайык, лицензиянын колдонуу мөөнөтү 2025-жылдын 20-сентябрына чейин узартылды. Компания "O!Деньги" электрондук капчыктарына кирүү үчүн виртуалдык форматта да, физикалык алып жүрүүчүдө дагы төлөм карталарын чыгарууну уланта алат.
Мында уюм лицензиянын техникалык шарттарында белгиленген бардык шарттарды жана талаптарды сактоого тийиш.