Жарыяланган
2024-09-10, 14:20Кыргызстандагы 33 шаардык кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин 39 партия тапшырды.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 993 мандатка 5 миңден ашуун талапкер туура келүүдө. Эң көп, тагыраагы, 9 партия Кант, Кара-Балта, Токтогул жана Базар-Коргондо катышууда.
Раззаков, Сүлүктү жана Балыкчы шаарларында 8 партия шайланышы күтулүп жатат.
Айдаркен, Көк-Жаңгак, Жалал-Абад, Кочкор-Ата жана Майлуу-Суу шаарларында 3 партия катышууда.
Ал эми башка шаарларда 4төн 8ге чейин саясий уюмдун өкүлдөрү бар.
Эми 10 күндүн ичинде аймактык шайлоо комиссиялары талапкерлердин тизмесин текшерип, каттоо же баш тартуу боюнча чечим чыгарат.