Жарыяланган
2025-05-09, 13:33Ош облусунун Ноокат районунда жер кыртышын бузганы үчүн кытайлык компанияга дээрлик 2.9 млн сом доо коюлду. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, кытайлык компания жол салуу үчүн Абшыр-Ата токойчулугунун аймагындагы токойлуу жайыттын 1003 чарчы метр жер кыртышын бузган. Келтирилген зыян 2 млн 890.9 сом деп эсептелген.
Бул факты боюнча материладар Ош облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.