Akchabarsearch
    Ноокатта мончо менен 35 сотик жери мамлекетке кайтарылды

    Жарыяланган

    2025-01-07, 09:00

    Ноокатта мончо менен 35 сотик жери мамлекетке кайтарылды

    Ош облусунун Ноокат районунда 35 сотик жери бар мончо мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

    Маалыматка ылайык, Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөттүн муниципиалдык менчигиндеги стадионго тиешелүү мончо жана 35 сотик жери мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталган.

    Териштирүү иштери учурунда азыркы ээси мончо менен жерди өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген.


    Тектеш материалды окуу