
Жарыяланган
2026-20-05, 10:32Ош облусунун Ноокат районундагы «Беш-Бурхан» көмүр кени иштетиле баштайт. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Аталган кендин аянты 317.2 гектарды ээлейт. Жалпы көмүрдүн запасы 42.2 миллион тоннаны түзөт.
Инвестор кенди иштетүү үчүн биринчи баскычта 25 млн доллар акча салган. Кен ишке берилсе, жылына 900 миң тоннага чейин көмүр казып алынат деп пландалууда.
Кен шахта түрүндө иштетилет. Анда 80 киши иштемекчи.



