
Жарыяланган
2026-19-06, 14:18Кыргызстанда оң рулдуу унаа менен коммерциялык максатта иштөөгө тыюу салынган. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Транспорт ишмердигин лицензиялоо жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Нурдин Самбаев билдирди.
Анын айтымында, 2020-жылдан тарта эле оң рулдуу унаа менен коммерциялык максатта жүргүнчү жана жүк ташып иштөөгө тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Ошондо эле оң рулдуу унаа менен такси кылууга чектөө коюлган. Бирок ага карабай оң рулдуу унаа ээлери такси болуп иштеп келишкен.
Эми өлкөдө такси болуп иштегиси келгендер милдеттүү лицензия алышы керек. Оң рулдуу унаанын ээлерине болсо лицензия берилбейт.
1-июлдан тарта өлкөдө лицензия албаган такси айдоочуларына текшерүү жүрүп, лицензиясы жокторго, анын ичинде оң рулдуу унаа менен такси кылгандарга айып салына баштайт: жарандар 7.5 миң сом, юридикалык жактар 23 миң сом айыпка жыгылат.



