
Жарыяланган
2026-27-04, 11:10Кыргызстанда эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарды алган окуучуларды даярдаган мугалимдерге бир жолку акчалай сыйлыктар каралган. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, эл аралык олимпиадада биринчи орунга татыган окуучуну даярдаган мугалимге 500 миң сом, экинчи орунга алгандыкына – 300 миң сом жана үчүнчү орундукуна – 200 миң сом төлөм каралган. Бул сыйлык бир жолу берилет.
Ошондой эле республикалык олимпиадада байгелүү орунду алган окуучуну даярдаган мугалимге окуу жыл ичинде ай сайын акча төлөнөт:
1-орун - 10 миң сом;
2-орун – 7 миң сом;
3-орун – 5 миң сом.

