
Жарыяланган
2026-23-04, 14:21Оптима Банк жарым жыл бою кардарларга кадимки каржылык операциялар аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып берген «20 миллионер» акциясы акциясын жыйынтыктады. Optima24 тиркемесинде жасалган ар бир төлөм, которуу же QR аркылуу жүргүзүлгөн операция кардарларды 20 жеңүүчүнүн катарына кирүүгө жакындатты.
Алты айдын ичинде (2025-жылдын 17-ноябрынан 2026-жылдын 12-апрелине чейин) ар жекшемби сайын атайын математикалык алгоритм жеңүүчүлөрдү аныктап турду. Натыйжада банктын 20 кардары 1 000 000 сомдон утуп алышты. Айрымдар утушун билимге инвестиция кылса, башкалары жеке долбоорлорун ишке ашырууга жана көптөн берки кыялдарын орундатууга жумшады.
Ар бир жеңиш — өзүнчө окуя. Банктын командасы жана амбассадорлору жеңүүчүлөр менен Бишкек, Ош, Каракол, Балыкчы жана Токмок шаарларында жолугуп, салтанаттуу түрдө сыйлашты.
«20 миллионер» акциясы менен катар банк жаш муунду да колдоду. «Балдар үчүн Оптима» картасынын ээлери үчүн «20 чемпион» акциясы өткөрүлүп, 20 жаш катышуучу iPhone 17 Air утуп алышты. Катышуу үчүн Optima24 тиркемеси аркылуу QR менен төлөө, жол кире же мобилдик байланыш үчүн төлөмдөрдү өз алдынча жүргүзүү жетиштүү болду.
Эки акциянын жыйынтыгында 40 кардар баалуу белектердин ээси болушту. Бирок эң негизги жетишкендик — санариптик кызматтардын колдонуучулардын күнүмдүк жашоосуна табигый түрдө кириши болду. Оптима Банк ыңгайлуулукка, жеткиликтүүлүккө жана сапатка басым жасап, кызматтарын мындан ары да өркүндөтүүнү улантат.
Бул — башталышы гана. Алдыда дагы көп мүмкүнчүлүктөр, технологиялык чечимдер жана жагымдуу сюрприздер бар.
Оптима Банк — сиздин ишенимдүү финансылык өнөктөшүңүз!



