
Жарыяланган
2025-23-01, 08:35Ош облусунда 47 жаранга жөлөкпул мыйзамсыз чегерилгендиги аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул иш Кара-Суу районунун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында болгону аныкталып, кылмыш иши козголду.
Аталган башкармалыктын кызмат адамдары 2023-жылдын июнь айынан 2024-жылдын май айына чейин муктаж эмес адамдарга жөлөк пул берген деп шектелүүдө.
Натыйжада мамлекетке жалпысынан 1 млн 320 миң сомдон ашык зыян келтирилген.



