Akchabarsearch
Ош шаарынын мэри ишкерлер менен жолукту

Жарыяланган

2026-12-03, 09:00

Ош шаарынын мэри ишкерлер менен жолукту

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев бизнес өкүлдөрүнө жолугуп, ишкердикти өнүктүрүү маселелерин талкуулады. Бул тууралуу мэрия билдирди. 

Жанарбек Акаев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Ош шаарына инвестиция тартуу багытындагы иштер күчөтүлүп жатканын белгилеген. 

Жолугушуунун жүрүшүндө ишкерлер шаар башчысына өз сунуш-пикирлерин билдирип, ишкерлик кылууда туш болуп жаткан айрым маселелерди көтөрүшкөн. 

Мэр көтөрүлгөн маселелерди кароо жана ишкерлерге көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмаларды берип, жолугушуулар мындан ары да үзгүлтүксүз уюштурулуп турарын билдирген.
 


Тектеш материалды окуу