Жарыяланган
2025-02-09, 15:03Ош шаарынын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаев коррупцияга шектелип кармалды.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун маалыматы боюнча, Айтмамтовдун бөгөт чарасы 26-августта каралып, ИИМдин тергөө тобунун жетекчиси келтирген өтүнүч боюнча мурдагы чиновник 4-октябрга чейин камакка алынган.
Ага Кылмыш кодексинин 40-беренесинин, 336-беренесинин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгон.
Эскерте кетсек, Айтмамат Кадырбаев 2014-2018-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген. Андан соң Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары кызматын аркалаган.