Akchabarsearch
“Ош-Тазалык” ишканасы абоненттеринин санын 425 миңге чейин жеткирет

Жарыяланган

2026-10-07, 11:02

“Ош-Тазалык” ишканасы абоненттеринин санын 425 миңге чейин жеткирет

“Ош-Тазалык” ишканасына абоненттердин санын 425 миңге чейин жеткирүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы билдирди. 

Маалым болгондой, мэр Жанар Акаев “Ош-Тазалыктын” жетекчиси менен жолугуп, учурда расмий катталган абоненттердин саны 387 миңден ашканын, бирок шаарда жашаган калктын чыныгы саны кыйла көп экенин белгилеп, сентябрь айынын аягына чейин абоненттердин санын 425 миңге жеткирүүнү тапшырган.

«Тазалык кызматы көрсөтүлсө, анын акысы өз убагында төлөнүшү керек. Бул шаарды таза кармоонун негизги шарттарынын бири», - дейт мэр.

Ишкана жетекчиси Жылдызбек Көчкөнов көп кабаттуу үйлөрдө жашоочулардын саны толук көрсөтүлбөгөн учурлар кездешерин айтып, учурда абоненттик базаны тактоо иштери жүрүп жатканын маалымдаган. 

Ошондой эле абоненттерден карызды өндүрүү боюнча иштер күчөтүлгөн. Карызы бар абоненттерге эскертүүлөр берилип, үч айдан ашык төлөбөгөн жана 5 миң сомдон ашкан бересеси бар жарандардан карыздар сот аркылуу өндүрүлүүдө. 


Тектеш материалды окуу