Akchabarsearch
    Ошто үйү бузулуп жаткандар үчүн "Эки дос" конушу салынат

    Жарыяланган

    2025-23-06, 15:03

    Ошто үйү бузулуп жаткандар үчүн "Эки дос" конушу салынат

    Ош шаарында үйү бузулуп, башка жакка көчүрүлө турган жарандар үчүн жаңы конуш салынат. Бул тууралуу мэрия кабарлады. 

    Маалым болгондой, конушту Кытайдын "Кунлунь" курулуш компаниясы салат. Ал үчүн Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгынан жер тилкеси бөлүнүп берилип, ал жерге 520 үй курулат. Бул конуштагы үйлөр шаардын Башкы планына ылайык жолду кеңейтүү, каналдардын жээгин ачуу үчүн үйү бузулуп, көчүрүлө турган тургандарга берилет. 

    Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев "Кунлунь" курулуш компаниясынын өкүлдөрү менен жолугуп, кызматташуу тууралуу меморандумга кол койгон. Үйлөрдүн курулушу 1-июль күнү башталат. Мэр үйлөрдү күз айында, суук түшкөнгө чейин тездетип бүтүрүп, элди көчүрүп кирүүгө жетишүү керектигин айткан. 

    Ошондой эле Жеңишбек Токторбаев УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен жолугуп, аталган конушту "Эки дос" деп атоо тууралуу сунуш бергенин билдирди. 


    Тектеш материалды окуу

    • Кыргызстанда үч адистик боюнча сырттан окууга тыюу салынды

      Кыргызстанда юриспруденция, экономика жана менеджмент багыттары боюнча сырттан окууга тапшырууга убактылуу тыюу салынды. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
      2025-01-07 10:38:49
    • Салык кызматы беш айда 147.4 млрд сом чогултту

      Быйыл беш айда Салык кызматы 147.4 млрд сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
      2025-01-07 10:13:55
    • Салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат

      Мамлекеттик салык кызматы Каржы министрлигинин түзүмүнөн чыгарылат. Бул тууралуу Салык кызматынын 35 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарада министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди.
      2025-01-07 09:15:35
    • Садыр Жапаров Россияда Путин менен жолугат

      Президенти Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
      2025-01-07 09:04:57