Жарыяланган
2025-01-07, 15:04Президенти Садыр Жапаров 2-июлда иш сапары менен Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Сапардын алкагнда Садыр Жапаров президент Владимир Путин менен жолугуп, сүйлөшүү жүргүзөт.
“Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык чөйрөлөрдөгү маселелерди талкуулашат”, - деп айтылат маалыматта.