
Жарыяланган
2026-12-08, 14:00Ош шаарында курулуш талаптарын бузган бетон цехинин иши токтотулду. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.
Маалым болгондой, Ош шаарынын И. Раззаков көчөсү 21 дарегинде жайгашкан бетон арыктарын чыгарган цехтин курулушунда мыйзам талаптарынын бузулгандыгы аныкталды.
Тактап айтканда, объектиде курулуш иштерин жүргүзүүдө тиешелүү шайкештик сертификаттары жок материалдар колдонулганы белгилүү болгон.
Ага байланыштуу цехти салып жаткан жеке ишкер Э. У. Т. карата тиешелүү акт түзүлүп, мыйзамда белгиленген тартипте административдик чаралар көрүлгөң.
Ошондой эле аныкталган мыйзам бузуулар жоюлганга чейин аталган объекттин иши токтотулган.



